Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Бишкекте жаштардын «Жергиликтүү деңгээлдеги тынчтыкты бекемдөө демилгелери» талкуусу өттү


«Жергиликтүү деңгээлдеги тынчтыкты бекемдөө демилгелери» талкуусунун катышуучулары.
«Жергиликтүү деңгээлдеги тынчтыкты бекемдөө демилгелери» талкуусунун катышуучулары.

Бишкекте «Жаштардын жергиликтүү деңгээлдеги тынчтыкты бекемдөө демилгелери» деп аталган улуттук “тегерек стол” талкуусу өттү. Талкуу “Жаш тынчтык куруучулар” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Долбоорду “Тынчтык жана өнүктүрүү институту” (IPD) коомдук фонду “Жаштар кеңештери жана уюмдары” ассоциациясы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Билим берүү жана илим министрлиги жана Эл аралык мамилелер институту (IFA) менен биргеликте ишке ашырууда.

Жыл башынан бери долбоордун 20 катышуучусу тынчтык демилгелерин ишке ашырышты. Аталган демилгелердин жардамы менен этностор аралык мамилелерди чыңдоого, жаштардын чек ара жаңжалдарына катышуусун азайтууга, радикализмди алдын алууга жана COVID-19 эпидемиясынын терс кесепеттерин минималдаштырууга салым кошулду.

Долбоордун кийинки этабы аныкталган көйгөйлөрдү жана чыр-чатактарды азайтууга жана чечүүгө багытталган жергиликтүү деңгээлдеги тынчтык демилгелерин ишке ашыруу болду.

Талкууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Жаштар кеңештери жана уюмдары ассоциациясынын өкүлдөрү жана тынчтыкты орнотуу боюнча эксперттер катышышты. (RK)

XS
SM
MD
LG