Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Алай районунда мектептин имараты ооруканага айланды


Алай районунун мектептин имаратын жугуштуу оорукана катары кайрадан пайдаланууга берүү учуру. 28-ноябрь, 2020-жыл.
Алай районунун мектептин имаратын жугуштуу оорукана катары кайрадан пайдаланууга берүү учуру. 28-ноябрь, 2020-жыл.

Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн Курманжан Датка айылындагы А.Исманов атындагы мектептин имараты жугуштуу оорукана катары кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты билдирди.

Аталган имарат 1997-жылы курулуп бүткөн. Алгач эки жыл оорукана катары иштеп, 1999-жылы мектеп катары иштеп баштаган.

2020-жылы жайында коронавирус илдети күчөгөн учурда аймактык оорукананын 20 койкалуу, эскилиги жеткен инфекциялык бөлүмүндө орун тартыш болгон.

Натыйжада айылдык кеңештин токтому менен имаратты ооруканага өткөрүү чечими кабыл алынган. Мүлк фондунун буйругу менен мектептин имараты Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансынан Алай аймактык ооруканасынын балансына кайрадан өткөрүлүп берилген.

Маалыматка караганда, учурда жаңыдан ишке кирген жугуштуу оорулар бөлүмүндө 60 керебет даярдалды. Ал капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн, ашканасы курулуп, имараттын ичине даараткана, суу киргизилди.

Оңдоп-түзөө иштерине Алай райондук администрациясынын алдындагы өнүктүрүү фонду 504 миң 900 сом, портативдик рентген аппаратын сатып алууга 1 млн. 199 миң сом бөлүнүп берилсе, Гүлчө айыл өкмөтүнүн үлүштүк фондунан 2 млн. 396 миң сом эшик-терезелерин жаңылоого бөлүндү. Жалпысынан жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратын бүткөрүүгө 13 млн. 120 миң сом жумшалганы айтылды.

Кайрадан ишке кирген оорукананын ачылышына 28-ноябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахматжан Махаммадов, Ош шаары жана облустук милдеттүү камсыздандыруу фондунун жетекчиси Максым Омокеев, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы Алтынбек Болбур уулу жана башкалар катышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG