Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Белгилүү сүрөтчү Орозбек Молдобаевдин сөөгү жерге берилди


Орозбек Молдобаев акын Алыкул Осмоновдун сүрөтүн тартып жаткан учуру. Архивдик сүрөт.
Орозбек Молдобаев акын Алыкул Осмоновдун сүрөтүн тартып жаткан учуру. Архивдик сүрөт.

Кыргыздын чыгаан сүрөтчүсү Орозбек Молдобаев 29-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылында жерге берилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» сүрөтчүнүн досу, энциклопедист Аттокур Жапанов билдирди.

Орозбек Молдобаев узак оорудан улам 68 жаш курагында, 27-ноябрдын кечинде мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Молдобаев 1953-жылы Күн-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы Фрунзедеги Семён Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, 1992-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1972-жылы Чолпон-Ата шаарында мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1983-жылы Киров атындагы совхоздо сүрөтчү, 1986-жылдан Сокулук райондук Маданият үйүндө сүрөтчү (художник-оформитель), 1990-жылдан Кыргыз улуттук циркинде сүрөтчү, 2004-жылдан Улуттук илимдер академиясында сүрөтчү болуп иштеген.

Молдобаев Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Анын эмгектери кыргыз элинин жашоо-турмушун терең чагылдырганы менен өзгөчөлөнөт. Сүрөтүндө негизинен жөнөкөй айылдык кызматкерлерди каарман катары тартып келген. Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу маданий-адабий ишмерлердин жана мамлекеттик, коомдук жана илимий ишмерлердин портреттеринин галереясын түзгөн.

Калемгердин сүрөттөрү Орусия, Жапония, Корея, Түркия, АКШ сыяктуу чет жерлердеги көргөзмөлөргө коюлуп келген, учурда Гапар Айтиев атындагы кыргыз мамлекеттик сүрөт-музейине жана Исхак Раззаков атындагы үй-музейине коюлган.

Орозбек Молдобаев президенттин «Ардак грамотасы» жана «Улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери» наамдарынын ээси. (ErN)

XS
SM
MD
LG