Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

COVID-19: Орусияда эреже бузган миллиондой адамга айыппул салынды


Орусиянын борбору Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын борбору Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын полициясы коронавирус пандемиясы башталгандан бери эрежелерди бузган миллиондон ашык адамды административдик жоопкерчиликке тартып, айыппул салды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен ТАСС агенттиги жазды.

Алардын көпчүлүгү, тагыраагы 976 миң киши өзгөчө кырдаал тартибин бузганы үчүн жазага тартылды. Эң төмөнкү жазана катары миң рубль айыппул салынат.

Экинчи кезекте Москва шаарындагы эпидемиялык эрежелерди бузгандар 109 миңдей адамды түзөт. Калгандары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандар. Алар 15 миңдей кишини түзөт.

Эреже бузгандардан чогулган айыппулдардын жалпы көлөмү 1,7 млрд. рубль болгон.

Орусиянын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча федералдык ыкчам штабынын маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери өлкөдө 2 242 633 адамга илдет жукту. 1 739 470 адам айыгып чыкты, 39 068 адам каза болду.

Бул сан Росстаттын маалыматтарынан кыйла айырмаланат. Демографтар каза болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн деп боолголоп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG