Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

30-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 30-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -4 …-9, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;

Бийик тоолордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -11…-16 градус болот.

30-ноябрда Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11, күндүз -4…-6 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG