Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Индонезияда Левотоло жанар тоосу атылды


Индонезиядагы вулкан. Иллюстрациялык сүрөт
Индонезиядагы вулкан. Иллюстрациялык сүрөт

29-ноябрда Индонезиядагы Левотоло жанар тоосу атылып, жергиликтүү тургундар шашылыш үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымдалган жок. Күбөлөрдүн бири тарткан видеодо тоодон түтүн, күл аралаш булут көтөрүлгөнү көрүнүп турат.

Адистер атырылган түтүн төрт километрге чейин жеткенин айтышат.

Жергиликүү бийлик айланадагы айыл-кыштактардан 3 жарым миңдей киши турак жайларын таштап кетишкенин билдирди.

Индонезияда 130 чакты активдүү вулкан орун алып, бул боюнча өлкө рекорд койгон.

Индонезиянын Вулканология борбору маалымдагандай, Левотоло жанар тоосуна кооптуулугу боюнча экинчи даража ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG