Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Юстиция министрлиги 30-ноябрдан 5-декабрга чейин акысыз укуктук кеңеш берет


Бишкек шаардык соту. Сапар Исаков видеобайланыш аркылуу катышууда. 2020-жылдын 6-августу.
Бишкек шаардык соту. Сапар Исаков видеобайланыш аркылуу катышууда. 2020-жылдын 6-августу.

Юстиция министрлиги менен Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардамды координациялоо борбору 30- ноябрдан 5-декабрга чейин калкка бекер укуктук жардам берүү декадасын өткөрөт. Бул тууралуу Юстиция министрлиги маалымат таратты.

Иш-чаранын негизги максаты - калктын аяр катмарынын укуктук корголуу деңгээлин жогорулатуу, элге укуктук жардам көрсөтүп, укуктук сабатын арттыруу, сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, жарандардын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндигин ишке ашырууга көмөктөшүү.

Ошондой эле иш-чара 10-декабрда белгиленүүчү Адам укуктарынын күнүнө арналат. 1948-жылы дал ушул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясын кабыл алган.
Иш-чаранын алкагында юстиция органдарынын, аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка акысыз укуктук кеңеш берүү борборлорунун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор өлкө боюнча муктаждарга акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүшмөкчү.

Жыл сайын Мамлекет кепилдик берген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор өлкөдөгү 2 миңден ашуун адамга жарандыгына карабай акысыз укуктук колдоо берилип келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG