Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

УКМК: «Женго» атыккан Кадыр Досоновго издөө жарыяланды


«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов. Архивдик сүрөт.
«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов. Архивдик сүрөт.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «Женго» аттуу каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновго издөө жарыяланганын 30-ноябрь күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта УКМК Досонов оор кылмышка тиешеси бар экендигин аныктаганы жазылган.

«2020-жылдын 28-ноябрында, сотко чейинки териштирүүдөгү тергөө учурунда Досонов оор кылмыш кылган деп шек саналган. Ошол эле күнү Ош шаардык соту аны камакка алуу боюнча чечим чыгарып, ага издөө жарыялаган», деп жазылган УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Учурда УКМК Досоновдун жүргөн жерин жана анын башка мыйзамсыз аракеттерге катышын аныктоо боюнча иш алып барууда.

Досонов Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шек саналган.

2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул кылмыш ишине байланыштуу Кадыр Досонов 2015-жылдын 6-февралында кармалган.

Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан. Ал 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан. (DU)

XS
SM
MD
LG