Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Түркияда эки кыргызстандык «орган сатуу» боюнча кармалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу бул өлкөгө орган алмаштыруу операциясына байланыштуу барган эки кыргызстандык кармалганы тууралуу маалыматты териштирип жатканын 30-ноябрда «Азаттыкка» кабарлады.

Түркиянын «Анадолу» агенттиги 29-ноябрда Стамбулдагы менчик ооруканалардын биринде Кыргызстандын эки жараны кармалганын, алар өзүлөрүн жасалма документ аркылуу таяке-жээн катары көрсөтүп, бөйрөк алмаштырыш үчүн Түркияга барганын кабарлаган. Бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу этика комиссиясы эки кыргызстандыктын бири-бирине тууганчылыгы жок экенин аныктап, полиция терөө жүргүзө баштаганы, донор адам бөйрөгүн сатканы жатканы далилденгени айтылды.

«Анадолу» агенттигинин маалыматына караганда, «Орган сатуу» операциясынын алкагында Стамбул шаарында жалпысынан 18 чет өлкөлүк кармалып, алардын бешөө камакка алынды.

Түркиянын Жазык кодексинин 91-беренеси («Орган соодасы») боюнча донордон орган сатып алган киши беш жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыратылат. (ElB)

XS
SM
MD
LG