Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Элдик курултай маселеси Конституциялык кеңешмеде талаш жаратууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешмеде курултай маселеси талаш жаратууда. 30-ноябрда кеңешменин мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов курултай институту тууралуу долбоорун сунуш кылгандардын арасында бирдиктүү концепция жок экенин сынга алып, укуктук жана жарандык коомго умтулган өлкө бир улутка басым жасабашы керек экенин белгиледи.

Асанкановдун пикиринде, кеңешмеде сунуш кылынып жаткан долбоор боюнча өлкөдө «төртүнчү» бийлик түзүлүп, «суперкурултай» бийлиги орнойт.

«Алар «бир пикирге келе элекпиз, Дастан Сарыгуловдуку, Мар Байжиевдики жана башкалардыкы болуп дагы беребиз» деп жатышат. Ушунун өзү, демек, курултайчылардын ичинде бир пикир, бирдиктүү концепция жок деген кеп. Азыр курултайды коё туруп, Кадыр Кошалиев өзүнүн пикирин айткандан кийин гана биздин коомго жана дүйнөлүк тажрыйбага жараша кабыл албайлыбы?! Экинчиден, бул жерде «биз кыргыз мамлекетин түзүп жатабыз, Конституцияны кыргыздар жазышы керек» деп айтылды. Эч убакта унутпайлы – биз дүйнөлүк масштабда жашап, укуктук, жарандык коом куралы деп жатабыз, улуттук эмес. Кыргыздар элдин үчтөн экисин гана түзөт. Көпчүлүк болобу, азчылык болобу, эч кимге артыкчылык бербешибиз керек», - деди ал.

«Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев бул сынга байланыштуу «Азаттыкка» төмөнкүлөрдү билдирди:

«Эки бутубузду бир кончубузга тыгып, маселе коюп жаткандар бар, ал жерде. Биз бир пикирге келип калдык, дээрлик. Бейшемби күнү ошол концепцияны сунуш кылабыз. Эгер азыр даярдалып жаткан долбоор коомчулуктун, элдин, курултай деп жүргөн кыймылдын позициясына жакын келбесе, анда альтернативалуу, бирдиктүү мыйзамды, Конституциянын долбоорун сунуш кылганга да даярбыз. Бийликтин ээси эл экени Конституциянын эң башында жазылган. Курултай коомдук институт болушу керекпи же мамлекеттикпи деген талкуу көпкө созулду. Коомдук деген акыркы мезгилде пайда болгон термин. Биз курултайды элдик бийлик институту катары, багыттоочу, көзөмөлдөөчү элдик бийлик органы катары киргизүүнү сунуштап жатабыз. А коомдук-кеңеш берүүчү болсо, анда өкмөттүк эмес уюмдун эле бир түрү болуп калат. Ага биз каршы болуп жатабыз. Мындай позициядагылар коомчулукта дээрлик көпчүлүктү түзөт».

Курултай боюнча 15 долбоор талкууланып жатканы буга чейин айтылган.

Кыргызстанда «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» жобо 2001-жылы кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. (RK)

XS
SM
MD
LG