Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот уланды


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 1-август, 2020-жыл.

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды.

Адвокат Чынара Жакупбекова «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, бүгүнкү отурумда далилдер менен таанышуу процесси уланды:

«Азыр иштин материалдарын изилдөө жүрүп жатат. Бир жумадан кийин жарыш сөзгө өтөбүз».

Соттун кийинки отуруму 3-декабрга белгиленди.

Текебаев жана Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана эки саясатчыны үй камагына бошоткон.

Иш райондук сотто кайра каралууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (31)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG