Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

ИИМде коомдук коопсуздук жана кылмыштуулукка каршы күрөш талкууланды


ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков башкармалыктардын башчылары менен коомдук коопсуздукту талкуулады.
ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков башкармалыктардын башчылары менен коомдук коопсуздукту талкуулады.

Милиция кызматкерлери саясаттан алыс болуп, ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюшу зарыл. Мындай талап 30-ноябрда ички иштер министри (ИИМ) Улан Ниязбековдун мекеменин башкы башкармалыктарынын жетекчилери менен өткөргөн онлайн жыйынында коюлду.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйында коомдук тартипти сактоонун бардык жагдайлары талкууланып, коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууга, иликтөөгө, иштерди мыйзам чегинде тергөөгө багытталган маселелер, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү иштери талкууланды.

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча жыйын өткөрдү.
ИИМ башчысы Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча жыйын өткөрдү.

Шайлоо өнөктүгүнө карата коомдук тартипти сактоо боюнча бекитилген пландын негизинде иш алып баруу, жергиликтүү бийлик органдары менен бирге калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендиги да айтылды.

Быйыл 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциясы башаламандык, милициянын жана митингчилердин кагылышуусу менен уланган. Жүздөгөн адам жараат алып, бир митингчи каза болгон. 6-ноябрга караган түнү өлкөдө бийлик алмашкан жана шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Келерки жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөнү жатат. Парламенттик кайра шайлоонун күнү белгилене элек. (RK)

XS
SM
MD
LG