Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Бишкек мэриясы: Кинотеатрлар жана фудкорттор ачылды, оору көбөйсө кайра жабабыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте карантинге жабылган коомдук жайлар бүгүнтөн баштап кайра ачылды. Бул тууралуу 1-декабрда баш калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн жана мэриянын социалдык-экономикалык тармактагы объектилердин ишмердүүлүгүнө уруксат берүү тууралуу токтомуна ылайык жана ишкерлердин бир нече жолку кайрылууларын эске алуу менен бүгүндөн тартып кинотеатрлар, фудкорттор, компьютердик клубдар жана башка жайлар кайрадан ачылууда.

«Кинотеатрларда адамдар бири-биринен шахмат сыяктуу алыс отурууга милдеттүү болот. Орундардын 50% гана толушу керек деген талаптар коюлду. Балдар ойной турган аянтчалар боюнча да ошондой талап. Ооругандар көбөйсө кайра жабабыз», - деди ал.

Чыныбаева ар бир жайдын жетекчиси убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого, тийиштүү шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү экенин эскертти.

Ал эми эл көп чогулуучу иш-чараларга азырынча уруксат бериле элек.

24-ноябрда өкмөт коронавируска байланыштуу жабылган мекеме-ишканаларды кайра ачуу боюнча жоопкерчиликти өзүнөн алып, жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берип жатканын маалымдаган. Ишин уланта баштаган мекеме-ишканаларда тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык жана башка талаптар сакталышын жергиликтүү бийлик өзү көзөмөлдөп, жооптуу болору айтылган.

Ал эми тойканалар жана ресторандар үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгары маалымдалган.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жамааттарда Жаңы жылды майрамдоо иш-чараларын чектөө же таптакыр тыюу салуу маселесин да караштырыш керек экенин белгилеген.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты. Алардын 1200дөн ашууну көз жумду. (RK)

XS
SM
MD
LG