Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Мэрия Бишкектин мектептери ачылбай жаткан себебин түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин мэриясы шаардагы мамлекеттик мектептер ачылбай жаткан себебин түшүндүрдү. 1-декабрда баш калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева журналисттердин суроосуна жооп берип жатып кээ бир мектептерде бир партада үчтөн окуучу отурган учурлар болгондуктан мындай шартта социалдык аралыкты сактоо мүмкүн эмес экенин, имараттардын ичин желдетип турууга шарт жоктугун жана көп мугалим ооруп калышы ыктымал экенин белгиледи:

«50 жаштан жогору курактагы 2 миңден ашуун мугалимибиз ооруп калышы ыктымал болуп жаткандыктан коркунуч тобунда турушат. Калкы миллион кишиден ашуун шаардагы мектептер 3-4 эсе толгон, имараттары эски, аба алмашып туруучу системасы иштебейт».

Чыныбаеванын айтымында, менчик мектептер социалдык аралыкты сактоо, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан кадимки тартипте иштеп жатышат.

Мамлекеттик мектептерди ачып, ишти кадимки шартта улантууну үчүнчү чейректе баштоо караштырылып жатканы белгилүү болду.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардагы мектептер 2021-жылдын февралына чейин ачылбай турганын билдирди.

Чыныбаева бул тууралуу: «Адамдар бир сыйра жеңил формада ооруп чыгып, жалпы иммунитет калыптанса, кийинки чейректе абал турукташып калат деп абдан үмүттөнүп жатабыз. Балким, ошондо алгоритмге ылайык мектептерди ачабыз», - деп айтты.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу Бишкекте март айында карантинге жабылган мамлекеттик билим берүү мекемелери азырынча ачыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG