Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Президенттикке аттанган айрым саясатчылар кысымга жана куугунтукка кабылганын айтып чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген бир нече саясатчы кысымга жана куугунтукка кабылганын айтып, 1-декабрда билдирүү жасады. Алар «оппозиционер талапкерлерге каршы саясий оюндарды чогуу уюштуруп жатат» деп бийликти жана «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» уюмун айыпташты.

Басма сөз жыйынына Клара Сооронкулова, Токтайым Үмөталиева, Каныбек Иманалиев, Канатбек Исаев жана Кубанычбек Исабеков катышып, демократияны коргош үчүн түзүлгөн уюм бийликтин талапкерин сындаган саясатчыларга каршы Боршайкомго арызданганын, буга аны каржылаган донор уюмдар көңүл бурушу керек экенин белгилешти.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев парламенттик шайлоодогу каталар кайталанып жатканын, уюм бийликтин буюртмасы менен иштеп жатканын айтты:

«Бектур Асановдун соту атайын созулуп жатат, Курсан Асановду үй камагына алып коюшту, Мадумаровго карата Башкы прокуратура билдирүү жасады. Эң кызыгы, демократияны коргой турган уюм Равшан Жээнбековго, Бектур Асановго, Токтайым Үмөталиевага, Каныбек Иманалиевге, Кубанычбек Исабековго, Курсан Асановго жана Клара Сооронкуловага каршы БШКга арыз жазыптыр. Бул чоң парадокс. Уюмдун жаңы жетекчиси Эрик Ирискулбеков, тилекке каршы, биздин билишибизче, бийликтин буюртмасы менен оппозициялык талапкерлерге каршы арыз жазып жатат. Демек, 10-январда өтө турган шайлоонун тазалыгы күмөн санатууда».

«Азаттык» уюмдун жетекчиси Эрик Ирискулбеков менен байланышып, саясатчылардын билдирүүсү боюнча жообун алды.

Ал «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» уюму байкоочу катары расмий каттоодон өткөнүн, ишин бейтарап жүргүзүп келатканын белгилеп, үгүт өнөктүгү расмий баштала электе айрым талапкерлер үгүт кылдыбы-жокпу, аныктап берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызданганын айтып берди.

Ирискулбековдун маалыматы боюнча жалпысынан БШКга ондон ашуун арыз жөнөтүлдү.

«Биздин уюм БШКда байкоочу катары катталган. Биз көз каранды эмес уюм катары президенттик шайлоо боюнча байкоо жүргүзүп жатабыз. Дооматтарга макул эмеспиз. Себеби биз баарына бирдей иш жүргүзүп жатабыз. Ошол эле Садыр Жапаров боюнча да 2-3 даттануу арызын бергенбиз. Башкалар боюнча да кайрылып жатабыз. Биздин позициябыз – мыйзамдын алдында баары бирдей жоопкерчиликте болушу керек», - деди ал.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Октябрдагы саясий окуялардан кийин өлкөдө бийлик алмашкан жана Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын 16-октябрда мөөнөтүнөн мурда тапшырып берген.

Буга 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон жарандардын баш аламандык менен уланган массалык акциясы себеп болгон.(RK)

XS
SM
MD
LG