Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Ноокатта психикалык оорукчан киши өз атасын өлтүрүүгө шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районундагы Чеч-Дөбө айылынын 31 жаштагы тургуну өз атасын өлтүргөн деген шек менен 30-ноябрда камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ош ОИИБнин маалыматына ылайык, киши өлтүрүү боюнча шек саналып жаткан адам 16 жылдан бери психикалык оору менен ооруп, Ош облустук ден соолукту чыңдоо борборунда дарыланып, каттоодо турган.

Окуя болгон күнү райондук милицияга Чеч-Дөбө айылынын тургуну үйүндө атасын кетмен менен башына чаап өлтүрүп салганы маалымдалган. Милиция жерине барып, текшерүү учурунда шектүү атасын кетмен менен башына уруп, мал байлачу жип менен муунтуп өлтүрүп салгандыгы аныкталган.

Маркумдун сөөгү Ноокат аймактык ооруканасынын моргуна жеткирилип, судмедэкспертизанын эксперттери тарабынан изилдөө жүргүзүлгөн.

Окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») негизинде сотко чейинки териштирүү башталды. (DU)

XS
SM
MD
LG