Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Ферганадагы футбол беттешинде жапырт мушташ чыкты


Футбол тобу.

Өзбекстандын супер лигасына жолдомо алыш үчүн Фергананын «Нефтчи» жана Яйпан районунун «Турон» командаларынын ортосунда 1-декабрда болгон футбол беттеши жапырт мушташка айланып кетти.

Маалыматка караганда, оюн 1:0 эсебинде аяктап, «Турон» уткан. Жеңилип калган команда калыска нааразылык билдирип, чатак башталган. Ошол учурда көрөрмандар да стадионго чыгып, мушташка кошулган. Окуянын видеосу Интернетте тарады.

Өзбекстандын Кесипкөй футбол лигасы (ПФЛ) буга азырынча комментарий бере элек. ПФЛ сайтында «Нефтчи» жана «Турон» командаларынын беттеши соңуна чыкканы, Фергана шаарындагы «Истиклол» стадионундагы оюнда «Турон» утканы тууралуу гана кабарлады.

Фергана облустук ички иштер башкармалыгы жаңжал териштириле баштаганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG