Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Конституциялык палата: Парламенттик шайлоону убактылуу токтоткон мыйзам Конституцияга каршы келбейт


Конституциялык палата парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу мыйзам боюнча чечимин угузууда.
Конституциялык палата парламенттик кайра шайлоо мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу мыйзам боюнча чечимин угузууда.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт деп эсептейт. Мындай чечим Конституциялык палатанын бүгүнкү, 2-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев угузду:

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» конституциялык мыйзам Конституциянын 2, 3, 5, 16, 20, 52, 70, 71 жана 80-беренелерине каршы келбейт деп таанылсын. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт».

Парламенттик кайра шайлоону убактылуу токтоткон мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештигин аныктоо тууралуу арыз менен Конституциялык палатага «Реформа» саясий партиясы жана активисттер Нурбек Касымбеков, Таалайбек Усубалиев кайрылышкан. Алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө калтырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтышкан.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова мыйзамды кабыл алуу процедурасы одоно бузулганын билдирген:

«Кыргызстандын укуктук системасынын тарыхында мындай укук бузуу болгон эмес. Бир эле күндө демилге көтөрүлүп, бүт фракцияларда жана комитеттерде талкууланып, коомдук талкууга чыгарылып, кабыл алынды жана бир эле күндө ага президент кол койду».

Соттук отурумга катышкан парламенттин, президенттик аппараттын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү «Реформа» партиясынын жана активисттердин арызын негизсиз деп аташкан.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы он чакты саясий партия Бишкекте митинг уюштуруп, акция башаламандык менен бүткөн жана өлкөдө бийлик күтүүсүз алмашкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бирок кийин Жогорку Кеңеш президентти жана парламентти шайлоо жараяндарын жөнгө салуучу конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизип, шайлоо качан өтөрү белгисиз бойдон калган. (RK)

XS
SM
MD
LG