Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Финпол Кең-Сай конушунда 13 млн. сомдук жумуш аткарылбай калганын аныктады


Кең-Сай конушунда тартылган сүрөт. 2012-жыл.
Кең-Сай конушунда тартылган сүрөт. 2012-жыл.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ош шаары боюнча башкармалыгы «С.Т.» жоопкерчилиги чектелген кооомунун жооптуу адамдарына карата казынадан бөлүнгөн акча каражатын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү ишин тергеп жатат. Бул тууралуу 2-декабрда Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме билдиргендей, Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы аталган ЖЧК менен Ош шаарындагы Кең-Сай турак жай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, жалпы суммасы 42,9 миллион сомдон ашык акча каражаттарын которгону аныкталды.

Бирок бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек. Ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмүнүн суммасы 13 миллион сомго жакын.

Бул иш боюнча 26-ноябрында, Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине («Кармоонун негиздери») ылайык аталган ЖЧКнын жетекчиси «П.Т» аттуу жаран кармалып, 28-ноябрда Ош шаардык соту аны Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алууга чечим чыгарган.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат жана окуяга катышы бар кызмат адамдары такталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтарып берүү иштери жүргүзүлүүдө. (DU)

XS
SM
MD
LG