Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Прокуратура: «Кудайберген» базарынын тегерегинде мыйзамсыз курулуштар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасы быйыл жыл башынан бери жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу мамлекетке келтирилген зыян үчүн 1 миллион сомдон ашык каражатты акчалай түрдө өндүрдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук прокуратуранын өкүлдөрү кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин мыйзамсыз колдонуу, басып алуу жана менчикке өткөрүү фактылары боюнча жыл башынан бери 13 текшерүү жүргүзүлүп, 35 мыйзам бузуу аныкталды. Натыйжада алты сунуш, алты талап жана сот органдарына бир доо арыз келтирилип, эки материал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Райондук прокуратура мисал катары билдиргендей, айрым адамдар «Кудайберген» автоунаа базарынын айланасындагы үч көчөдө жалпысынан 500 чарчы метрге жакын муниципалдык жерге уруксат документ жок болсо да жеңилдетилген типтеги дүкөндөрдү жана машине оңдоочу жайларды куруп алышканы аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG