Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Бишкек мэриясы: Эпидемиологиялык абалдын курчушун 1-10-декабрь деп күтүп жатабыз


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын жетекчилиги баш калаада коронавирус боюнча абал курчуса 1-10-декабрга туш келиши ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу шаардык кеңештин сессиясында 2-декабрда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Түлөбаев азыр Бишкекте ооруканаларда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаш үчүн 300гө жакын бош орун бар экенин, эпидемиологиялык абал оору күчөгөн июль айына салыштырганда туруктуу болуп жатканын айтып, мындан аркы абал кандай өнүгөрү 10-декабрдан кийин белгилүү болорун билдирди:

«Биз эпидемиологиялык кырдаалдын курчушун 1-10-декабрь деп күтүп жатабыз. Эгер ушул темпте кетсек мындан ары да ушундай темпте кете беребиз деген оюбуз бар. Коронавирус боюнча абал Бишкекте азырынча туруктуу. Июль айында күндө 700-800 бейтап катталып, күндүзгү стационарларга 4500гө чейин кишини кабыл алдык. Бүгүн 90го жетпеген оору чыкты, бир жума мурда 168 болгон. Көрсөткүч төмөндөп баратат».

Мэрдин милдетин аткаруучунун айтымында, эгер илдет күчөсө №1 оорукана кайра толугу менен коронавирусту дарылоого берилет, ал толсо №6 оорукана, эгер ал да жетпесе «Семетей» госпиталы ачылат. 1,1 миң орундуу «Семетейде» 500-600 орун даяр. Июлдагыдай кырдаал кайталанса 20га жакын күндүзгү стационар ачууга даярдык көрүлгөнү да белгилүү болду.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталган. Ошондон бери бул оору 74 миң адамга жукту. Каза болгон 1,2 миңдей адамдын көбү июль айында көз жумган.

Оорунун экинчи толкуну октябрь айында башталды. Азыр бейтаптардын көбү Бишкек шаарында катталууда.

1-декабрдан баштап Бишкекте мурда карантинге жабылган мекемелердин арасынан мектептер жана бала бакчалар гана калды, калгандарынын баары ачылды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG