Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Жалал-Абад шаарынын депутаттары мэрликке Эрнисбек Ормоковду шайлашты


Эрнисбек Ормоков. Жалал-Абад шаарынын мэри.
Эрнисбек Ормоков. Жалал-Абад шаарынын мэри.

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды. Бүгүн, 3-декабрда шаардык кеңештин отурумуна депутаттар, «Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, толук катышты. КСДП, «Өнүгүү», «Республика» жана «Ата Журт» фракциялары биригип «Ак Тилек» деп аталган коалиция түзгөнүн жарыялашты.

Ормоков менен катар мэрликке Эрнис Зиядинов катталган, бирок ал өз талапкерлигин алып койду.

Ормоковду сессияга катышкан 31 депутаттын 28и колдоду.

Жалал-Абадда мэр бир нече айдан бери шайланбай жаткан. 17-ноябрда жалгыз талапкер катары катталган Эрнисбек Ормоковдун ден соолугуна байланыштуу шайлоо башка күнгө калганын жергиликтүү бийлик кабарлаган. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Ормоков шайлоого катышуудан баш тартып, өзү арыз жазып бергенинен шайлоо болбогонун маалымдаган.

Ормоков быйыл 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Мекенчил» партиясынан талапкер катары катышкан.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын митинги башаламандык менен уланып, өлкөдө бийлик алмашкан. Айрым район-шаарлардын жана мекемелердин жетекчилери кызматын тапшырып, жаңылар дайындалган. Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев да ошол күндөрү кызматтан кеткен. (TB)

XS
SM
MD
LG