Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Соцфонд: Кыргызстанда пенсиянын эң азы 700 сом, эң көбү 145 миң сом болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө пенсияны эң аз алган адамдын колуна айына 700 сом, эң көп алганга 145 миң сом төлөнүп берилүүдө. Бул тууралуу 3-декабрда парламентте депутаттардын өнүккөн өлкөлөрдөгү пенсиялык саясат тууралуу суроосуна жооп берип жатып Социалдык фонддун жетекчисинин биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди:

“1,5 жылдык эмгек стажы бар бир айым 700 сом менен пенсияга чыккан экен. Эң көп пенсия 145 миң сом. Бул жерде реформа комплекстүү болушу керек. Бизде ушул күнгө чейин минималдык стаж боюнча милдеттенме жок. Ошол эле өнүккөн мамлекеттерде жок дегенде 25 жыл стажы болушу керек. А биз бир жылдык стажы менен деле пенсияга чыгарып жатабыз”.

Жуматаева өзгөчө эмгеги үчүн кошумча акча пенсияга 2015-жылга чейин чыккандар үчүн гана берилерин, андай пенсионерлердин саны 1800дөн ашык эместигин, кийин мындай тажрыйба токтотулганын белгилеп, көп акча алгандар арасында ири компанияларда иштегендер да бар экенин айтты. Ал камсыздандыруу төлөмдөрү канчалык көп болсо, пенсия ошого жараша төлөнөрүн билдирип, “алар бир жылда эле 3 миллион сом акча төгүп коюуда, ал эми жөнөкөй жаран өмүр бою иштеп 1 миллион сом төгөт” деп кошумчалады.

Соцфонддун расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 686 миң пенсионер бар, алардын эки миңден ашпаганы привилегияга ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG