Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

АКШнын экс-президенттери коронавируска каршы эмдөөгө катышат


Барак Обама, Жорж Буш жана Билл Клинтон.
Барак Обама, Жорж Буш жана Билл Клинтон.

АКШнын мурдагы президенттери Барак Обама, Жорж Буш жана Билл Клинтон коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө даяр экенин билдиришти. Алар америкалыктарга бул вакцинанын коопсуз экенин экенин далилдеш үчүн камера алдында эмделүүгө макул экенин мурдагы президенттердин өкүлдөрү жарыялашты.

Учурда АКШнын бийлиги коронавируска каршы жапырт эмдөө үчүн вакцинаны бекитүү алдында турат. Буга чейин «Pfizer» жана «Moderna» компаниялары иштеп чыккан вакциналар эмдөөгө колдонуу үчүн уруксат сураган. Алар вакцинанын натыйжалуулугу 90% ашык болгонун кабарлаган.

Эмдөөгө катышуу демилгесине көзү тирүү экс-президенттердин бири, 96 жаштагы Жимми Картер катышабы, азырынча белгисиз. Ошондой эле быйыл күзүндө коронавирус жугузп алган азыркы президент Дональд Трамп жана жаңы шайланган президент Жо Байден да бул боюнча позициясын айта элек.

АКШда коронавирус жуккандар азайбай жатат. 2-декабрда бул өлкөдө COVID-19 диагнозу менен ооруканаларда жаткандардын саны 100 миң кишиден ашты. Оорудан бир күндө 2 733 бейтап көз жумду, 200 миңдей киши илдетти жугузуп алганы аныкталды. Эпидемиологдор алдыдагы 2-3 ай өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы үчүн эң оор мезгил болорун эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG