Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

Президенттин милдетин аткаруучу кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

«Манас» эпосу бүтүндөй бир улуттун ким экендигин аныктап, муундан муунга өтүп келген мурас болгондуктан ага өтө астейдил мамиле кылуу - ар бир кыргыз жаранынын милдети жана парзы. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 4-декабрда, кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктоосунда айтты.

Мамытов: «Түпкүлүктүү кыргыз элинин басып өткөн жолун, карт тарыхын сактаган эпосубуз - улутубуздун нарк-насилин, салт санаасын, үрп-адатын, терең маданиятын жана жашоо образын бүтүндөй камтыган кайталангыс руханий кенчибиз. Улуу өнөрдү туу туткан манасчылар, кадырлуу калк жакшылары - даанышман окумуштуулар калтырган таберик мурасты аздектеп, ага таазим кылабыз. Кыргыз элинин кайталангыс руханий мурасы - «Манас» эпосунун үчилтигин сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого, келечек муундарга жеткирүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз», - деди.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG