Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Бишкекте жер жана курулуш маселелерине жооптуу вице-мэр алмашты


Азамат Сагындык уулу.
Азамат Сагындык уулу.

Бишкекте жер, архитектура жана курулуш маселелерин тейлеген вице-мэр алмашты. Мэриянын 4-декабрдагы маалыматына караганда, бул кызматка буга чейин мэриянын жер ресурстары боюна башкармалыгын жетектеп келген Азамат Сагындык уулу дайындалды.

Вице-мэрлик кызматты 2019-жылдын февраль айынан бери аркалап келген Уланбек Азыгалиев өзү жазган арыздын негизинде иштен алынды.

Бишкек мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. Келерки жылдын апрель айында шаардык кеңешке шайлоо өтөт. Эреже боюнча, жаңы шайланып келген депутаттар мэрди шайлоо маселесин карашат. (RK)

XS
SM
MD
LG