Быйыл Жаңы жылды майрамдоодо катары менен үч дем алыш күнү болот. 4-декабрда «Азаттыкка» Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлагандай, бул жолу жумуш күндөрү которулбайт.
1-январь Жаңы жыл майрамынан кийинки эки күн – 2-3-январь ишемби жана жекшемби болот. Январдын төртүнөн алтысына чейин жумуш күнү болуп, 7-январда Рождество майрамы белгиленгендиктен дем алыш болот. 8-январь, жума – кайрадан иш күнү.
Буга чейин өкмөт Жаңы жыл майрамына карата жыл ичиндеги башка дем алыш күндөрдүн ордун алмаштыруу менен узартчу. Быйыл, мисалы, кыргызстандыктар1-7-январь удаа эс алышкан. (RK)