Аталган кинофестивалда кыргызстандык режиссер жана оператор Чыңгыз Сулумбековдун «Күнкарама» тасмасы телевизиондук даректүү тасмалардын конкурсуна катышып «Жаркыраган дебют» («За яркий дебют») диплому менен сыйланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта «Күнкарама» тасмасына «Продвижение» чөлкөмдүк телеканалынын башкы директору А.Ушаков кыргызстандык режиссерго «Күнкарама» тасмасын акысыз телеканалдын эфиринде көрсөтүүгө укук берген сертификат тапшырганы айтылат.
«Россия» даректүү тасмалардын ачык кинофестивалы 2020- жылы 23-28 ноябрда Екатеринбург шаарында өткөрүлдү.