Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Беш миңдей тоо-кенчи өкмөттөн ишти улантууга кепилдик күтүп жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда дээрлик эки айдан бери ишсиз отурган 5 миңге жакын тоо-кенчи жана металлург өкмөттөн ишти улантууга кепилдик күтүп жатат. Бул тууралуу 4-декабрда «Азаттыкка» Тоо-кен металлургия кесиптик бирлигинин төрагасынын орун басары Алмазбек Жакыпов билдирди.

Жакыповдун айтымында, өлкөдө тоо-кен тармагында 15-20 чакты ишкана бар, алардын 5-6сынын иши быйылкы октябрь окуяларынан бери токтоп турат жана мамлекеттик бюджетке бир эле «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасынан 1,5 миллион доллар түшпөй калды.

«Себеби - жергиликтүү эл менен тил табышпаганы, - деди ал. - Инвесторлор да коркуп калды. Өкмөттөн кепилдик күтүп жатышат. Иштегенге шарт түзүп берет деген ой бар. Өкмөт иш жүргүзүүдө. Жакшы жагдай түзүлүп, кепилдик берилсе, жумушчулар үй-бүлөсүн багат эле».

Жакыпов кошумчалагандай, токтоп турган ишканалардын үчөө - кыргыз-кытай, бирөө - кыргыз-түрк жана дагы бирөө - кыргыз-казак компаниялары.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканалардын 30% Кытай менен бирге түзүлгөн.

Быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда айрым тоо-кен ишканалары талкаланган.

3-декабрда тоо-кенчилердин өкүлдөрү Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү. Анда ишканаларды калыбына келтирүү боюнча аракет жүрүп жатканы айтылды.

Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10%, салык төлөмдөрүнүн 25% жана өндүрүш көлөмүнүн 43%ын тоо-кен тармагы камсыз кылат. Түмөндөгөн адамдардын жумушу ушул тармак менен байланышта. (RK)

XS
SM
MD
LG