Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Финпол: Ошто мамлекетке 73 миллион сом зыян келтирген факт аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Ош шаарында мамлекеттик бюджеттен 73 миллион сомду өзүнө чегерип алган деп шек саналган кызматкерлердин үстүнөн тергөө уланып жатканын билдирди.

Мекеменин 4-декабрдагы маалыматына караганда, Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча курулуш ишин жүргүзүүдө 10 миллион сомдук трансформаторлордун баасы 82 миллион сом деп көрсөтүлгөн.

Буга чейин Финполиция ушул эле Кең-Сай конушунда жол курууда 13 миллион сомдук курулуш иштери аткарылбай калганын кабарлаган. Бул иш боюнча Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен келишим түзгөн ишкананын жетекчиси камакка алынганы белгилүү болгон.

Финпол бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо уланып жатканын билдирди.

Кылмыш үчүн шек саналып жаткан тарап азырынча өз маалыматын бере элек.

Кең-Сайдагы мыйзам бузуулар тууралуу иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков быйыл ноябрь айында айтып чыккан.(RK)

XS
SM
MD
LG