Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Кытайдын «Чанъэ-5» зонду Айдан топурактын үлгүсүн алууга жетишти


"Чанъэ-5" аппаратынын Айдын бетинде бараткан кези.
"Чанъэ-5" аппаратынын Айдын бетинде бараткан кези.

Кытайдын «Чанъэ-5» зонду Айдан топурактын үлгүсүн алып, ачык космоско кайтты. Эми ал Жерге Айдын топурагы салынган капсуланы алып келчү кемеге кошулууга тийиш.

Жабдык 1-декабрда мурда эч ким барып көрө элек лава өрөөнүнө конгон. Зонд эки килограмм материал чогултууга аракеттенген. Бул илимпоздорго Айдын пайда болушу жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга жардам бермекчи.

24-ноябрда ааламга бет алган пилоттолбогон аппарат жылдын аягына чейин Жерге кайтып келмекчи.

Миссия ийгиликтүү аяктаса, Кытай Айдан материал алууга жетишкен АКШ жана СССРден кийинки үчүнчү мамлекет болуп калмакчы.

1960-жылдардын аягында 1970-жылдардын башында НАСАнын астронавттары «Апполон» кемелери менен, 1976-жылы советтик «Луна-3» экспедициясы Айдын кыртышынын үлгүлөрүн алып келишкен. Андан бери окумуштуулар жаңы материалдарды күтүп жатат.

2019-жылдын январында Кытай Айга жөнөткөн станциянын бортундагы идиште пахта өндүргөнүн, ал өсүп жатканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG