Кыргызстанда 5-декабрга карата дагы 401 адамдан коронавирус илдети аныкталып, дагы беш киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 425 адам айыкты.
Жаңы аныкталган учурлар:
- Чүй облусу – 133;
- Бишкек шаары - 99;
- Ысык-Көл облусу – 45;
- Жалал-Абад облусу – 39;
- Баткен облусу - 26;
- Ош облусу - 22;
- Ош шаары - 20;
- Талас облусу - 15;
- Нарын облусу - 2.
Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 74 774 кишиге жукту, алардын 1290у каза болуп, 66 538и айыкты.
Дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 66 миллионго жакындап калды. Алардын 1,5 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 42 миллиондон ашууну сакайды. (SE)