Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:44

Журналисттер арасындагы "Умтулуу" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды


"Умтулуу" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары.
"Умтулуу" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү жана уюштуруучулары.

"Интерньюс" уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү журналисттер арасындагы кезектеги "Умтулуу" сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктап, 5-декабрда сыйлыктар тапшырылды. Бул жылы сыйлыктардын көбүн "Kloop" басылмасынын кабарчылары алышты.

Журналисттердин жана чыгармачыл топтордун эмгектери алты багытта аныкталды:

  • «Бийлик жана коом»;
  • «Тынчтык жана ынтымак»;
  • «Балдарды коргоо»;
  • «Маданият жана агартуу»;
  • «Көмөктөшүү мезгили»;
  • «Аракетчил инсан».

Ошондой эле «Темага берилгендиги үчүн кесиптештердин тандоосу» номинациясы да болду - ага Адил Турдукулов татыктуу деп табылды.

Аймактык журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Таиржан Турсуналиевдин элеси" сыйлыгы да уюштурулуп, ага Баткендеги "Салам Медианы" жетектеп, кесипкөй журналистика тармагына алып киргени үчүн маркум Улукбүбү Амирова татыктуу деп табылды.

Негизги багыттар боюнча жеңүүчүлөр:

  • «Бийлик жана коом» - Айбек Бийбосунов (НТС каналында иштеген кезиндеги эмгеги үчүн сыйланды. Айбек 2020-жылдын жай айларынан бери "Азаттык" радиосунда эмгектенет)
  • «Тынчтык жана ынтымак» - Бермет Уланова.
  • «Балдарды коргоо» - Айзада Каратаева.
  • «Маданият жана агартуу» - Айдай Эркибаева, Азиз Раимбердиев, Анастасия Валиева, Алтынай Мамбетова, Татьяна Зеленская, Бегаим Аджиева.
  • «Көмөктөшүү мезгили» - Гладис Темирчиева.
  • «Аракетчил инсан» - Бекжан Асылбеков, Александра Титова жана Тилек Бейшеналы уулу.

"Умтулуу" сыйлыгын тапшыруу аземи:

Сынак "Интерньюстун" "Медиа-К" долбоорунун алкагында FHI360 өнөктөштүгү менен АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) колдоосунда жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Ага эл аралык медиаларда иштеген журналисттерден тышкары бардык кабарчылар катыша алат.

XS
SM
MD
LG