Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Бир суткада дагы 328 адамдан коронавирус аныкталып, беш киши көз жумду


Кыргызстанда 6-декабрга карата дагы 328 адамдан коронавирус илдети аныкталып, беш киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 455 адам айыкты.

Жаңы аныкталган учурлар:

-Бишкек шаары - 122;
-Чүй облусу - 87;
-Ысык-Көл облусу – 48;
-Баткен облусу - 17;
-Жалал-Абад облусу – 13;
-Ош облусу - 12;
-Талас облусу - 12;
-Ош шаары – 11;
-Нарын облусу – 6.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий кабарына ылайык, андан бери коронавирус 74 973 кишиге жукту, алардын 1295и каза болуп, 66 993ү айыкты.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 6-декабрга карата дүйнөдө бул ооруга кабылгандардын саны 66 миллион 500 миңден ашты. Алардын 1,5 миллиондон көбү жашоо менен кош айтышып, 43 миллиондой адам сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG