Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:20

Бишкекте жүрүшкө чыккан активисттер талаптарын айтып, тарап кетишти (видео)


Бишкекте 6-декабрда "Мыйзамдуулук үчүн!" деп аталган кезектеги тынчтык жүрүшкө чыккан активисттер Ала-Тоо аянтында талаптарын айткандан соң тарап кетишти.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган акциянын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө, өлкөдө авторитаризмди орнотууга каршы экендиктерин, мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып, ушул өңүттө кыргыз жана орус тилдеринде чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп алышты. Бул ирет адам укуктарын сактоо жаатындагы чакырыктар көбүрөөк айтылды.

Ондогон активисттердин арасында саясатчылардан Бектур Асанов, Клара Сооронкулова да болду. Саат 12:30да башталган акция 40 мүнөттөй убакытка созулду.

Жүрүшкө чыккандар Бишкектеги темир жол бекетинин алдында чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу борбордук аянтка жөө жүрүш менен барып, андан ары тарап кетишти.

Катышуучулар "Биз бийликти узурпациялоого жана мыйзамсыздыкка каршыбыз!" деген ураандын астында биригишкен. Алар ушул максатта бир нече жумадан бери ар жекшемби күндөрү тынчтык жүрүшүнө чыгышууда.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандык активисттер 5-октябрда тынчтык митингине чыгышкан. Ал башаламандык менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктаган. Мурдагы бийликтин тушунда камакка алынган Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан чыгарып алып, өкмөт башчылыкты аркалай баштаган. Кийинчерээк президенттин милдетин аткаруучу болуп да иштеди. Учурда 10-январдагы президенттик шайлоого ат салышуу максатында кызматын тапшырган.

Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик Конституцияны өзгөртүп, президенттик башкарууну чыңдаган долбоорду сунуш кылган. Бул жагдай коомчулукта эки ача пикир жаратып, талкуулар уланууда. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG