Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Москвада полиция кызматкери өспүрүмдү травматикалык тапанча менен жарадар кылды


Москвада полиция кызматкери өспүрүм кызды травматикалык тапанча менен жарадар кылды. "Интерфакс" агенттиги кабарлагандай, бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, ок аткан кызматкер кармалды.

Расмий маалыматка ылайык, 6-декабрга караган түнү баш калаанын көчөлөрүнүн биринде турак жайлардын алдында 33 жаштагы эркек травматикалык тапанчадан ок атып, жанында турган өспүрүм кыз жараат алган.

Ок аткан киши кайгуул кызматкери экени аныкталган. Ал жумуштан бош учурунда, жарандык кийимчен тапанча менен жүргөн. Окуянын чоо-жайы так эмес.

Кызматкер жумуштан бошотулуп, тергөө башталды. Анын жетекчилигине да чара көрүлөрүн ИИМдин Москва шаардык башкармалыгынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Владимир Васенин билдирди.

Жараат алган кыз ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG