Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

БШК президенттик шайлоого көз салуу үчүн 43 чет элдик байкоочуну каттады


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого көз салуу үчүн 43 чет элдик байкоочуну каттады.

Мекеменин басма сөз кызматы жети өлкөнүн жана алты эл аралык уюмдун эксперттерине аккредитация берилгенин маалымдады.

Ханнс Зайдел фондунун, Шайлоо түзүмдөрү эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Азербайжан БШКсынан бир, Молдова БШКсынан эки, КМШ Миссиясынан төрт эксперт бар. Калган 34 киши КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Шайлоого катышууга башында 65 адам ниетин билдирип, документ тапшыруу жараянынан соң 20 киши калды.

Үгүт өнөктүгү 15-декабрдан 9-январга чейин болот.

XS
SM
MD
LG