Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Эмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов дүйнө салды


Адылхан Бекболотов. 17-март, 2014-жыл.
Адылхан Бекболотов. 17-март, 2014-жыл.

Бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Адылкан Бекболотов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Буга чейин Бекболотовго кан керек болуп жатканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эки жолу операция болуп, реанимацияда жатканы айтылган.

Адылхан Бекболотов 1962-жылы Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөн. "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер", "Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу" ардактуу наамдарына ээ. СССРдин спорт чебери. Бүткүл союздук жаштар оюндарынын күмүш,(1982-ж), СССР кубогунда эки жолу коло байге алган. Бир нече эл аралык мелдештердин байгелеринин ээси.

Спорттук карьерасында рингде дүйнөгө белгилүү мушкерлер Константин Цзю жана Орзубек Назаров менен беттешкен. Рингде 350 таймаш өткөрүп, 320 жолу жеңишке жеткен.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Бекболотов Кыргызстанда бокстун өнүгүшүнө жана калыптанышына эбегейсиз салым кошкондугун белгилейт. 2009-2017-жылдары Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенген.

2017-жылдан бери Бишкек шаарындагы спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 8-декабрда өзү туулуп-өскөн Түп районунун Күрмөнтү айылында өтөт.

XS
SM
MD
LG