Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Кыргызстанда COVID-19 жуккан дарыгерлер төрт миңге жакындады


Дарыгер бейтапты кабыл алып жатат. Кыргызстан. Август айы.
Дарыгер бейтапты кабыл алып жатат. Кыргызстан. Август айы.

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде дагы 12 медицина кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу 7-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб билдирди. Бишкек шаарында тогуз, Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден медкызматкер илдет жугузуп алган.

Ал эми бир суткада тогуз медкызматкер үй карантинден, бирөө ооруканадан айыгып чыкты.

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 980 учур катталды, алардын ичинен 3 679 дарыгер сакайды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан көз жумгандардын саны 1 297 кишиге жетти. Оору жуккандардын жалпы саны 75 395, илдеттен 67 400 адам айыкты. (BTo)

XS
SM
MD
LG