Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Финпол: Сарпашев 500 гектардан ашык жерди мамлекетке кайтарды


Тайырбек Сарпашев, мурдагы вице-премьер-министр.
Тайырбек Сарпашев, мурдагы вице-премьер-министр.

Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жакын туугандарынын каттоосунда турган 500 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалыматына караганда, Токтогул районунун Торкен айылындагы 500 гектар жайыт жер жана Токтогул районундагы 30 гектар сугат жер мамлекеттин балансына өттү. Бул жерлерди Сарпашев өзү алып, туугандарына каттаткан.

Финансы полициясы Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы баскычын аткарганын, эми ал жерлерди Торкен айылынын муктаж үй-бүлөлөрүнө бөлүштүрүү ишин мекеме көзөмөлгө аларын кабарлады.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Тайырбек Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгүнүн мыйзамдуулугу текшерилип жатат. Ал 9-декабрга суракка чакырылды.

Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын Финпол 27-ноябрда кабарлаган. Мекеменин маалыматына караганда, «ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган».

Сарпашевден же анын жактоочуларынан бул маалымат боюнча «Азаттык» азырынча комментарий ала элек. Ал буга чейин сурактан кийин журналисттерге берген комментарийинде мамлекеттик кызматта иштебеген учурларда ишкердик менен алектенгенин белгилеп, коюлган айыптарга байланыштуу өз позициясын коргогонго аракет кыларын билдирген.

Сарпашев өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG