Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Пакистан: кычкылтек жетпей өлгөн бейтаптар үчүн дарыгерлер иштен кетти


Пакистан ушул тушта коронавирустун экинчи толкунуна каршы күрөшкө болгон аракетин жумшап жатат.
Пакистан ушул тушта коронавирустун экинчи толкунуна каршы күрөшкө болгон аракетин жумшап жатат.

Пакистандын бийлиги коронавирустан дарыланып жаткан алты адам убагында кычкылтек менен камсыз болбой көз жумгандан кийин бул оорукананын жети кызматкерин жумуштан бошотту. Бул окуя 6-декабрда өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору Пешевар шаарында болду. Жумуштан бошотулгандардын арасында оорукананын башкы дарыгери Тахир Надим Хан да бар.

Оорукананын өкүлү Фархад Хан «Азаттыктын» Пакистандагы кызматына кычкылтек толтурулган баллондор күн сайын Пешевардан 150 чакырым алыстыктан алынып келерин, бирок 5-декабрда үзгүлтүккө учураганын айтып берди.

Аталган провинциянын саламаттык сактоо министри Таймур Хан Жашра ооруканада кычкылтек кечки саат сегизде түгөнүп калганын, бирок бул маселе түн ортосуна чейин чечилбегенин билдирди. Ал кеңири иликтөө жүргүзүлөрүн эскертти.

Бул каргашалуу окуя Пакистан коронавирустун экинчи толкуну менен күрөшүүгө болгон аракетин жумшап жаткан учурга туш келди.

Бул өлкөдө ооругандардын саны 416 миң адамдан ашып, сегиз миңден көп бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG