Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:18

Активист аялдар тобу: Конституциянын жаңы долбоору бийликти узурпациялоого алып келет


Бишкектеги Конституциянын жаңы долбооруна каршы акциялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги Конституциянын жаңы долбооруна каршы акциялардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бир катар эл аралык уюмдарда, жергиликтүү бирикмелерде иштеген жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан турган активист аялдар тобу эл өкүлдөрү сунуш кылган Конституциянын жаңы долбооруна байланыштуу билдирүү таратып, аны кескин айыптады.

Алар «долбоорду референдумга коюу тууралуу демилге мыйзам бузуу менен уюштурулганын жана сунушталган өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту бузуп, бийликти узурпациялоого алып келерин» белгилешет.

«Биз «конституциялык реформа» деп аталган нерсени жана мыйзамсыз, жабык эшик артында, коомго каршы, регрессивдүү демилгелерди илгерилетиш үчүн түзүлгөн «конституциялык жолугушуу» платформасын колдонууга жол берилбеши керек деп эсептейбиз. Алардын катарында, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган (дүйнөбий) деген мүнөздөмөнү мамлекеттик түзүлүшүнүн негиздеринен алып салуу зарылдыгы жөнүндө таптакыр конструктивдүү эмес. Кооптуу талкууну чыңалууга аракет кылуу жана учурдагы Конституциянын негизги дискриминацияга каршы принциптеринин сыпаттамасын камтыган бөлүмдөрүн, анын ичинде негизги 16-беренесинин текстин таптакыр негизсиз кыскартып коюшкан», деп айтылат анда.

Активист аялдар тобу мындан сырткары «Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт» (16-берененин 2-бөлүгү) деп аталган берененин алып салынышына да тынчсыздануусун келтирген. Билдирүүдө бул жагдай майыптардын, аялдардын жана жаштардын укуктарын чектейт деп эсептейт.

17-ноябрда 80 депутаттын колу менен сунушталган Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген.

Ошондой эле депутаттардын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлмөкчү. Бул долбоордо да референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталган.

Көп өтпөй бир нече депутат референдум боюнча мыйзам долбооруна кол койбогонун жарыялап, авторлуктан чыгып кеткен. Долбоор коомчулукта да бир топ адамдардын кескин сынына кабылган.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен 80ден ашуун окумуштуу жана коомдук ишмерлерден турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, ушул эле күнү ишке киришкен. Кеңешмеге Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо жана парламентке сунуш киргизүү милдети жүктөлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG