Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

БШК президенттик шайлоого байланыштуу Орусияда кошумча добушканаларды ачууну көздөп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу Орусияда кошумча добушканаларды ачууну караштырууда. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

БШКнын мүчөлөрү жана жумушчу тобу өз отурумунда бул маселени Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Миграция кызматтарынын өкүлдөрү менен чогуу кеңешти.

Анда кабарлангандай, мурдагы шайлоолордо Орусияда 12 тилке иштеген. Москвада үчөө, Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Южно-Сахалинск шаарларында да уюшулган.

Бул жолу Красноярск шаарында добушкана ачуунун зарылдыгы жок экени айтылды, Москвага кошумча бир тилке жана Тюмен шаарына бир тилке ачуу пландаштырылды. Процедуралык маселелер чечилсе, жалпы добушкана 14-15ке жетиши мүмкүн.

БШК чет жакта жашаган шайлоочуларды өздөрүнүн тизмесин tizme.gov.kg сайтынан текшерип алууга чакырат.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрдан 9-январга чейин болот.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имаратын талкалап, басып алган. Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.

Башаламандык учурунда тарапкерлери түрмөдөн чыгарып, сотто шашылыш акталган Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалып, кийин президенттин милдетин аткара баштаган. Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттик милдетти 14-ноябрда өткөрүп берген, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон. Президенттин милдетин учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG