Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 12:48

Баткенде жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

7-декабрь түнү саат 22:00 чамасында болгон автокырсыктан төрт киши каза болгонун Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жол кырсыгы Баткен районунун Кара-Булак айылына жакын жерде Лесхоз участкасында болгон. Маалыматка караганда, Кара-Булак айылынын 1961-жылы туулган тургуну (Р.М.) «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү автоунаа менен Баткен шаарын көздөй бара жатып, Ош–Баткен–Исфана жолунун 214-чакырымында кырсыкка кабылып, автоунаасы ала салып кеткен.

Анын ичинде беш адам бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен төрт киши каза болуп, бир адам облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды. Абалы жакшы. (JsA)

XS
SM
MD
LG