Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Кыргыз-өзбек чек аралаш аймак жетекчилеринин Ферганадагы жыйынына Артем Новиков катышып жатат


Ферганадагы жолугушуудан.
Ферганадагы жолугушуудан.

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Өзбекстандын Фергана шаарында эки тараптын чек арага жакын жайгашкан аймактардын жетекчилеринин 8-декабрдагы үчүнчү жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Анда айтылгандай, кеңешмеге Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, өкмөттүн Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы өкүлдөрү Абсаттар Сыргабаев, Жаныбек Жалалов жана Жарасул Абдураимов барды. Мындан сырткары жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев жана экономика министринин орун басары Султан Ахматов да катышууда.

Өзбекстан тараптан жыйынга катышып жаткан делегациянын курамы тууралуу маалымат таратыла элек.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда жыйында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары жандандыруу темалары талкууланууда.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапары менен 7-декабрда барган. Аймактарда бир катар объектилердин иши менен таанышып, алардын айрымдарын ачууга катышып, андан ары Өзбекстанга жөнөп кеткен.

Ушу тушта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз тактала элек чек ара тилкеси бар. Тараптар чек араларды тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени менен чек ара тилкелери толук такталып бүтө элек. Такталбаган чек ара аймактарында эки өлкө жарандарынын араздашуусу маал-маалы менен катталып турат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG