Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

БУУ Орусияны Крымдан чыгууга чакырган резолюция кабыл алды


Крымдагы орус аскерлери.
Крымдагы орус аскерлери.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Орусияны Крымдын «убактылуу оккупациясын» жана Украинага курал-жарак жөнөтүүнү токтотууга чакырган резолюция кабыл алды.

Милдеттүү күчкө ээ болбогон резолюцияда «Орусия Федерациясы оккупациялаган держава катары Крымдан өз Куралдуу күчтөрдүн толугу менен кыйшаюусуз чыгарып, Украинанын аймагынын убактылуу оккупациясын тезинен токтотушу керек», деп айтылат.

Ошондой эле БУУ Орусиядан Украинанын аймагына курал-жарактын жаңы системаларын, учактарды, ракеталарды жана аскердик персоналды жөнөтүүнү токтотууну талап кылды.

7-декабрда өткөн добуш берүүдө резолюцияны 63 өлкө колдоп, 17 өлкө каршы болду, ал эми 62 өлкөнүн өкүлү добуш берүүдөн карманды.

БУУнун Башкы Ассамблеясы Орусия аннексиялап алган Крым боюнча бир нече резолюция кабыл алган. Анын ичинде былтыр жарым аралдагы адм укуктарын сактоо боюнча документ да бар.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Москва 2014-жылдын апрелинен бери 13 миңден ашык адамдын өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жоочуларды колдоп келатат.

XS
SM
MD
LG