Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Аксы районунда бала бакча өрттөнүп кетти


Аксыдагы күйүп кеткен бала бакча. 8-декабрда тартылган сүрөт.
Аксыдагы күйүп кеткен бала бакча. 8-декабрда тартылган сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын Сыны айылындагы №26 бала бакчанын имараты дээрлик толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, «112» кызматына 8-декабрга караган түнү саат 00:15те кырсык тууралуу кабар түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.

Натыйжада өрт саат 02:10до курчоого алынып, саат 03:45те өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 784 чарчы метр күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өлкөдө мамлекеттик, муниципалдык жана менчик 1062 бала бакча бар.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын он айында Кыргызстанда жалпы 2045 өрт катталган. Тилсиз жоонун чыгымы 473 млн. сом деп эсептелди. (ErN)

XS
SM
MD
LG