Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Парламенттик шайлоодон кийин добуш берүүчүлөр 20 миңге көбөйдү


Шайлоо тилкелеринин бирине илинген тизме. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоо тилкелеринин бирине илинген тизме. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) баштапкы тизмеге ылайык, шайлоочулардын саны 3 544 403 жаранды түздү. Бул тууралуу мекеменин маалыматтык бөлүмү кабарлады. Анда айтылгандай, алардын ичинен эркектер – 1 693 035 (47,77 %), аялдар – 1 851 368 (52,23%).

2020-жылдын октябрында болгон парламенттик шайлоого салыштырганда шайлоочулардын саны 20 849 адамга, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого караганда 264 473 шайлоочуга, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого салыштырмалуу 762 257 шайлоочуга көбөйдү.

БШК шайлоочулардын көбөйүшүн калктын арбыганына, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча туруктуу иштерге жана башка факторлорго байланыштырып жатат.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын жаңыланган тизмесин түздү. Тизме 2020-жылдын 10-ноябрынан тартып tizme.gov.kg сайтында жайгаштырылган.

Боршайком тизме өлкөдөгү жана чет мамлекеттердеги 2475 шайлоо тилкесинде да илингенин кабарлап, шайлоочуларды тактайчалардан же сайттан өзүнүн аты-жөнүн тактап алууга чакырат. Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо же тизмеде жок болсо, жарандар 29-декабрь кечке чейин тиешелүү добушканалардан арыз менен оңдоп же аты-жөнүн киргизип алса болот.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрдан 9-январга чейин болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG