Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Жасалма бойго бүтүрүүчү компанияга нааразы болгон аялдар кайрадан митингге чыгышты


Бишкек шаарындагы «Ankalife» компаниясынын алдында митингге чыккандар. 9-декабрь, 2020-жыл.
Бишкек шаарындагы «Ankalife» компаниясынын алдында митингге чыккандар. 9-декабрь, 2020-жыл.

Бишкек шаарындагы «Ankalife» компаниясынын алдында жасалма уруктандыруу кызматын (ЭКО - экстракорпоральная оплодотворения) пайдаланганына карабай боюна бүтпөй калган аялдар 9-декабрда да нааразылык акциясына чыгышты.

Кыргызстандын булуң-бурчтарынан чогулган ондогон аял фирма акча алган менен жыйынтыгы чыкпай калганына даттанууда. Алардын маалыматы боюнча, өздөрүнүн тобундагы жасалма уруктандыруудан өткөн аялдардын 90% кош бойлуу боло албай калган. Чогулгандар алар бул үчүн ири суммада акча бергенин билдиришип, өз акчасын кайтарып берүүнү талап кылышууда.

Акцияга чыккан аялдар салган видеого ылайык, аларга милиция кызматкери келип баарлашып жатат.

Ушул эле аялдар кечээ, 8-декабрда да митинг кылышкан. Анда фирманын жетекчиси Жехангир Чакажи чыгып жасалма уруктандыруудан 100дөн 40% ийгиликтүү болорун, калган кардарлар ошого макул болуп келишерин билдирген.

«Ankalife» фирмасынын алдындагы 8-декабрь күнкү митинг.

Жасалма бойго бүтүрүүгө талап да, нааразылык да көп
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Кыргызстанда төрөй албай жүргөн аялдардын жасалма уруктандыруу жолу менен эне болуусуна негиз берген мыйзам ишке киргендигине бир нече жыл болду. Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда бул багытта бир нече фирма иш алып барат. (ErN)

XS
SM
MD
LG