Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

10-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 10-декабрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;

Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6;

Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12 градус болот.

10-декабрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9° суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2° болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG